Ысык-Көл районунун курорттук аймактарында өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагында, 2023-жылдын 3-июль күнү Ысык-Көл мамлекеттик администрациясынын аянтчасында, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары А. А. Мамыралиевдин, Ысык-Көл облусунун жетекчилиги, айыл өкмөт башчыларынын жана мамлекеттик жана жеке менчик түрүндөгү санаториялык-курорттук мекемелердин жетекчилеринин катышуусу менен жолугушуу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө социалдык жактан маанилүү товарларга жана тамак-аш азыктарына, санаториялык-курорттук кызматтарга баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө боюнча маселелер талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарынын мэри жана ЖӨБО башчылары менен да жолугушуу өткөрүлдү Жыйынтыгында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, жарнама жана социалдык мааниге ээ товарларга бааны турукташтыруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жаатында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү чечимин кабыл алышты.