Ак-Талаа районунда мониторинг жүргүзүлдү
11.07.20232023-жылдын 6-8-июль күндөрү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары А. А. Мамыралиев жана Кызматтын адиси А. Омурбекова Ташкент шаарында өткөн санариптик рыноктордо атаандаштык жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча эл аралык конференцияга катышты.
Конференцияга Германия, Түркия, Румыния, Россия, Түштүк Корея, Венгрия, Кыргызстан, Индия, Беларусь, Армения өлкөлөрүнөн эксперттер катышты. Ошондой эле Яндекс, Ozon, Wildberries өңдүү интернет базарлардын өкүлдөрү да болду.
Эл аралык деңгээлдеги иш-чаранын жүрүшүндө, Өзбекистандын экономикасын көтөрүү жолдору боюнча “Туруктуу экономикалык өнүгүү: актуалдуу маселелер” аталышындагы эл аралык конференция орун алды.
Иш-чарада Румыниянын Атаандаштык боюнча агенттигинин президенти Багдан Крицу баяндама жасап, өз сөзүндө атаандаштыктын чөйрөсү, жаңы редакциядагы Өзбекстан Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө» мыйзамы боюнча пикирин ортого салды. Андан сырткары атаандаштык жаатындагы Румыниянын тажрыйбасына, анын өзгөчөлүгүнө, жаңы багыттарына жана көйгөйлөрүнө токтолду.
Конференцияда электрондук коммерциядагы атаандаштык мыйзамына талаптардын өсүп жаткандыгы боюнча суроолор көтөрүлүп, санариптик рыноктордо атаандаштыкты жөнгө салуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча башка мамлекеттердин мыйзамдары тууралуу маалымат берилди. Андан сырткары атаандаштык мыйзамына коюлган талаптардын өсүп жатканын, санариптик рынокторду баалоодо маанилүү ролду ойногон атаандаштык мыйзамы, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана маалыматтарды коргоо ортосундагы мамилелер боюнча маселелер каралды.