Бишкек шаарынын ишкердик субъекттеринин укуктук билимин жогорулатуу жана жактоо
13.07.2023Ош шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 16-мартындапы №106-б
буйругу менен бекитилген “Ош шаарында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн
чаралары жөнүндөгү” иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы
жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери
2023-жылдын 11-июлунда Ош шаарынын мэриясынын, муниципалдык
менчика башкармалыгынын, Ош шаардык архитектура жана шаар куруу
башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте бекитилген графике ылайык
Ош шаарынын “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгынын
аймагында белгиленбеген жерлерде соода жүргүзгөн обьекттерге,
жарнактардын мыйзамга дал келтирүү боюнча рейддер жүргүзүлдү.
Рейдтин жүрүшүндө 2 жеке ишкерге Кыргыз Республикасынын
“Жарнак жөнүндөгү” Мыйзамынын 5-беренесинин 3 жана 4-пунктарын
бузгандыктары үчүн жеринде ак-фиксация түзүлүп, жазма кат (предписание)
берилди.
Мындай иш-чаралар шаардын башка аймактарында да уланмакчы.