Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын дарегине К.Г.О. аттуу жарандан “«SS.kg компаниясына»” карата кайрылуу келип түшкөн.
Арызда керектөөчү «SS.kg компаниясынан» “Мераген” трансформер столун сатып алган, алынган товар сапатсыз экендигине байланыштуу керектөөчү товарды кайтарып берүүнү каалаган. Бирок, дүкөн акчаны кайтарып берүүдөн же алмаштыруудан баш тарткан.
Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренесине ылайык эгерде сатуучу тарабынан эскертилбеген сапаты жакшы эмес товар сатылса, керектөөчү өз каалоосу боюнча: товардын кемчилигин акысыз четтетүүнү же керектөөчү же үчүнчү жак тарабынан ал кемчиликти оңдоого кеткен чыгымдарды өндүрүүнү; сатык баасын тиешелүү түрдө азайтууну; ошондой маркадагы (моделдеги, артикулдагы) товарга алмаштырууну; сатык баасын тиешелүү түрдө кайра эсептөө менен башка маркадагы (моделдеги, артикулдагы) ошондой эле товарга алмаштырууну; Соода-сатык келишимин бузуу жана сатуучуга талаптагыдай эмес сапаттагы товарды кайтарып берүү менен товар үчүн төлөнгөн акча суммасын кайтарып берүүнү талап кылат.
Кайрылуунун кароонун алкагында, «SS.kg» компаниясынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамын так сактоо керектиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча арыз ээсинин талаптары канааттандырылып керектөөчүгө жаңы трансформер столу алмаштырып берилди.