2023-жылдын 31-июлуна карата ЕАЭБге мүчө жана коңшу мамлекеттерде боюнча орточо рыноктук чекене баалар, сом(Улуттук банктын 2023-жылдын 31-июлуна карата курсу боюнча)
31.07.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүЫсык-Ата районунда Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарынын сакталышы боюнча мониторинг жүргүздү. Мониторингтин жүрүшүндөмыйзамдын 5-беренесинин 3 жана 4-пунктарына туура келбеген “П.М.” стоматологиялык клиникасына тийиштүү жарнама аныкталды:
“Кыргыз Республикасынын аймагында жарнак мамлекеттик жана расмий тилдерде жана жарнак берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча Кыргыз Республикасында жашаган элдердин эне тилдеринде кошумча таратылат.
5-беренеси 4-пункту:
Эгерде жарнама берүүчүлөрдүн иши лицензияланууга тийиш болсо, Кыргыз Республикасынын аймагында “иши лицензияланганын” билдирүү жетиштүү болгон радиодогу жарнаманы кошпогондо, жарнамада лицензиянын номери, ошондой эле лицензияны берген органдын аталышы көрсөтүлүшү керек.”
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын укук бузуулар Кодексинин 403-беренесинин негизинде “Г.А.А.” атту физикалык жакка 5000 сом айып пул салынды жана Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинин 3 жана 4-пункттарынын талаптарын аткаруу үчүн эскертүү берилди.