Социалдык жактан маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүү жөнүндө
09.08.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кароосунда “Орловка суу канал” муниципалдык ишканасынын ичүүчү суу жана саркынды суу тарифтери каралып жатат.
09.08.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы (мындан ары – Кызмат) тарабынан Баткен облусу боюнча Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондук суу ресурстары кызматына өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатында пландык текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө улуттук метрологиялык органы жана аккредитацияланган метрологиялык кызмат тарабынан текшерилбеген суунун чыгымын өлчөөчү каражаттар (ЧӨК) ченөө ишин жүрүгүзүп жатышкан, бул өз кезегинде 2014-жылдын 9-июлундагы Кыргыз Республикасынын “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” №118 Мыйзамынын 10-беренесинин талаптарын бузулгандыгын билдирет.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын “Бузулар жөнүндө” Кодексинин 391-беренесине ылайык административдик айып пулдар салынып, жана белгиленген мөөнөттө жоюу үчүн эскертмелер берилди.