Ош шаарында нан бааларына мониторинг жүргүзүлдү
12.10.2023Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия жөнүндө
13.10.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 3-октябрындагы № 129 «Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан), нан азыктарына (тандыр нан) бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» буйругун аткаруу максатында Ысык-Көл облусунун аймагында 1 сорттогу буудай унунан жасалган нанына (бөлкө нан) жана нан азыктарына (тандыр нан) максималдуу дүң жана чекене баалары боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүм (мындан ары – Бөлүм) тарабынан белгиленди. Анда, бөлкө нандын максималдуу деңгээли 1 кг. дүң баасы 56,5 сомдон, чекене баасын 65,0 сом, нан азыктарына (тандыр нан) дүң баасы 99,0 сом жана чекене баалары 116,0 сомдон деп көрсөтүлгөн.
Бөлүм тарабынан бир нече жолу, ошондой эле Каракол шаарынын мэриясында тандыр нан өндүргөн наабайчылар (шаарда 20-дан кем эмес) менен жыйындар өткөрүлдү. Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Каракол шаарындагы нан чыгаруучулар жана сатуучуларга нандын баасын белгиленген баада сатуулары тууралу эскертилип, түшүндүрүү иштери менен биргеликте билдирүү каттар таратылды (баардыгы 81 ишкерге). Ысык-Көл облусундагы тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына маалымат каттары да иштөө үчүн жөнөтүлдү.