Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия жөнүндө
13.10.2023Жалал-Абад шаарында нан баалары туруктуу
13.10.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмүнө (мындан ары – Бөлүм) Э.З. жаранынан “Бек” дүкөнүндө тамак-аш азыктары боюнча маалымат жоктугуна байланыштуу арыз келип түшкөн.
Арыздын негизинде Бөлүмдүн кызматкерлери жогоруда аталган дүкөнгө барышып, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын бузуу фактылары аныкталган, анын негизинде «Бек» дүкөнүнүн ээсине КР «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамынын нормаларын бузууну токтотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Мыйзамынын 9-беренесинин 1-пунктуна ылайык, даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) керектөөчүгө товарларды туура тандап алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) тууралуу зарыл жана так маалыматты өз убагында берүүгө милдеттүү жана алардын туура тандоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу.
Ошентип, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Мыйзамынын 49-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүн сатуу эрежелеринин талаптарынын негизинде, Бөлүм тарабынан «Бек» дүкөнүнүн ээсине Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мыйзамдарынын ченемдерин бузууну токтотуу жөнүндө Эскертүү берилген.