03.10.2023
Нарын облустук бөлүмүнө жеке жарандан “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Нарын филиалында керектөөчүлөргө көрсөтүлүп жаткан кызматтар тууралуу так жана жеткиликтүү маалымат жок экендиги тууралуу арыз жаран М.Ф.ден келип түшкөн. «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 жана 9-беренелерине ылайык, маалыматтар соода-сатык келишими жана иштердин аткарылышы (кызмат көрсөтүлүшү) жөнүндө келишимдер түзүлгөн учурда кадимки жана күнүмдүк билим тармагындагы сөздөрдү, алгылыктуу өлчөмдөгү шрифти […]