![](https://antimonopolia.gov.kg/wp-content/uploads/2023/11/Кадамжай-азык-тулук-дукону.jpg)
Баткен облусунун Кадамжай районунда нан жана көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү
24.11.2023![](https://antimonopolia.gov.kg/wp-content/uploads/2023/03/Лого-САР-при-МЭиККР-кырг.jpg)
Бүгүн, 2023-жылдын 24-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы С.С.Касмамбетов Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын эмгек жамааты менен жолугушту.
Жолугушууда Мамкатчы коомдун маданий жана руханий жактан өнүгүшүнө, аялдарга, үй-бүлөлөргө, жаштарга колдоо көрсөтүү, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана балдарды адеп-ахлактык жактан тарбиялоонун маанилүүлүгүнө кенен токтолду.
Ал мамлекеттик органдардын, жарандардын жана коомдук институттардын маданий жана руханий өнүгүү, билим берүү жана илим маселелери боюнча натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү зарылдыгын баса белгиледи.
Мамлекеттик катчы “Манас” эпосуна да токтолду. “Манас” – улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктардын энциклопедиясы, оозеки чыгармачылыктын туу чокусу деп айтты.
Сөзүнүн соңунда эмгек жамаатка талыкпас күч жана ийгиликтерди каалады.
![](https://antimonopolia.gov.kg/wp-content/uploads/2023/11/WhatsApp-Image-2023-11-24-at-15.43.29.jpeg)
![](https://antimonopolia.gov.kg/wp-content/uploads/2023/11/WhatsApp-Image-2023-11-24-at-15.43.27-1-1.jpeg)
![](https://antimonopolia.gov.kg/wp-content/uploads/2023/11/WhatsApp-Image-2023-11-24-at-15.43.28-1-1.jpeg)
![](https://antimonopolia.gov.kg/wp-content/uploads/2023/11/WhatsApp-Image-2023-11-24-at-15.43.28.jpeg)