Метрологиялык көзөмөл башкармалыгы, жаран Н. Ибраимовдун Мен Га ресторанына карата арызын кароонун алкагында “Мен Га” ресторанына (мындан ары-ресторан) ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын сакталышы боюнча пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү.
Бул ресторан коомдук тамактануу тармагында өз ишин жүргүзөт.
Текшерүү учурунда ресторанда төмөнкүлөр аныкталды:
– жасалган даяр тамактардын салмагын аныктоо үчүн текшерилбеген өлчөө каражатын (электрондук таразалар) колдонуу, бул Кыргыз Республикасынын 2014 жылдын 09 июлунун, №118 “Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесин бузуу болуп саналат,;
– менюда тамактын чыгышы грамм менен айрым позицияларда көрсөтүлгөн эмес, бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30 сентябрынын №560 “Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүн сатуу эрежелери” токтомунун 7.2. бөлүмүнүн 165-пунктту бузуу болуп саналат.
Текшерүүнүн жыйынтыгында текшерилбеген өлчөө каражатын (электрондук тараза) колдонгондугу үчүн “Мен Га” ресторанынын жетекчисине карата Кыргыз Республикасынын Кодексинин 391-беренеси боюнча айып түрүндө административдик жаза чарасы кабыл алынып, эреже бузууларды жоюуга көрсөтмө берилген.