Метрологиялык көзөмөл башкармалыгы 2023-жылдын 4-кварталына карата текшерүүлөрдүн планына ылайык Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо-изилдөө институту” мамлекеттик ишканасынын (мындан ары лаборатория) сыноо лабораториясында өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы ченемдик-укуктук актылардын талаптарынын сакталышы, метрологиялык эрежелердин, ченемдердин өлчөө каражаттарынын абалы жана аны колдонуу боюнча метрологиялык көзөмөл жүргүздү.
Лаборатория жол-курулуш материалдарынын физикалык/механикалык жана бекемдик мүнөздөмөлөрүн аныктоо боюнча кыртышты сыноолорду жүргүзөт.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жалпысынан 83 ченөө каражаттары текшерилди, анын ичинен 63 ченөө каражатында мамлекеттик текшерүү мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталды, бул болсо Кыргыз Республикасынын
2014-жылдын 9-июлундагы №118 “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” Мыйзамын бузуу болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо-изилдөө институту” мамлекеттик ишканасына Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, 387, 391-беренелери боюнча айып пулдар салынды.