Метрологиялык көзөмөл башкармалыгы, 2023-жылдын 4-кварталындагы текшерүү планына ылайык, “Дан” Мамлекеттик ишканасын ишмердүүлүгүндө өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы ченемдик-укуктук актылардын талаптарынын сакталышы, метрологиялык эрежелердин, ченемдердин өлчөө каражаттарынын абалы жана колдонуу боюнча метрологиялык көзөмөл жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жалпысынан 159 ченөө каражаттары текшерилди, анын ичинен 2 ченөө каражаттары иштөөгө жараксыз, 1 ченөө каражаты ( Белизномер СКИБ-М) мамлекеттик текшерүү мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталды, бул Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 9-июлундагы №118 10-пунктуна ылайык “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” Мыйзамын бузуу болуп саналат.
Дандын үлгүлөрүнө жана аны кайра иштетүү азыктарына изилдөө жүргүзүүдө текшерилбеген өлчөө каражаттарын колдонулганы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, 391-беренеси боюнча айып пулу салынды.