Метрологиялык көзөмөл башкармалыгы, 2023-жылдын 3-кварталындагы текшерүү планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун, ишмердүүлүгүндө өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы ченемдик-укуктук актылардын талаптарынын сакталышы, метрологиялык эрежелердин, ченемдердин өлчөө каражаттарынын абалы жана колдонуу боюнча метрологиялык көзөмөл жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жалпысынан 219 өлчөө каражаттары текшерилип, анын ичинен 2 өлчөө каражаттары ( Дозиметр GEODEVICE CPП-20, Альфарадиометр БДИБ-70-01А) мамлекеттик текшерүү мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталды, бул Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 9-июлундагы №118 10-пунктуна ылайык “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” Мыйзамын бузуу болуп саналат.
Лабораториялык изилдөөлөрдү жана экспертиза жүргүзүүдө текшерилбеген өлчөө каражаттарын колдонулгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, 391-беренеси боюнча айып пул салынды.