Ушул жылдын 06-декабрында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмдүн кызматкерлери, Кадамжай районундук мамлекеттик администрациянын кызматкерлери менен биргеликте Кадамжай шаарындагы борбордук базарында, нан жасаган жана саткан соода түйүндөрүнө биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан) жана тандыр нандын бааларына мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг учурунда 400-450 гр. бөлкө нан чекене баада 25 сомдон, тандыр нандар салмагына жараша чекене баада 220-230 гр. 20 сомдон, 248-255 гр. 25 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды. Түшүндүрүү иш чаранын негизинде 8 жеке ишкерлерге белгиленген баадан жогорулатып сатпоо боюнча эскертүүлөр берилди.