Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда 2023-жылдын 12-декабрында көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзүштү.
Мониторинг учурунда Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда белгиленген баадан жогору сатып жаткан жайлар аныкталбады.
Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда көмүрдүн баасы туруктуу, тактап айтканда маркасына жараша тоннасы эленбеген түрдө 4800 сомдон 7400 сомго, ал эми килограммы (капталган, эленген) 5,50 сомдон 8,00 сомго чейин сатылууда жана жетиштүү көлөмдө. Таңкыстык жок.