Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргызстандагы нефтетрейдерлер менен иштешүүнүн жаңы механизмин сунуштады.
Кызмат менен нефтетрейдерлер 2023-жылы АИ-92 үлгүсүндөгү бензин жана дизель майы сыяктуу социалдык маанилүү товарлар рыногунда жүргүзүлгөн иштердин олуттуу натыйжасы болушу үчүн биргелешип Кызматташуу келишимин түзүштү.
Кыргызстандын нефтетрейдерлери республикадагы калктын таламдарын эске алып, күйүүчү-майлоочу майлардын баасын адилеттүү кармап, туруктуу камсыз кылат. Ошондой эле КММ баасын негизсиз өсүшүнө жол бербөө үчүн социалдык жоопкерчиликти көрсөтөт
– тышкы факторлорду жана монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш болгон ички саясатын эске алуу менен мунайзаттын баасын жана калк үчүн физикалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга;
– мунай продуктуларын сатууда керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын бузууга жол бербөө;
– мунай продуктуларынын зарыл запастарын камсыз кылуу жана алардын ички рынокто тартыштыгын болтурбоо.
Түзүлгөн Макулдашуунун алкагында кызмат анын аткарылышын көзөмөлдөп, нефтетрейдерлер менен биргелешкен иш улантылат.