Баткен облусунун Кадамжай шаарында көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү
28.11.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, КР Президенттинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын тийешелүү кызматкерлери менен биргеликте, ЖТР жана “Регион” телеканалдарынын журналисттеринин катышуусунда Сузак районунда 2023-жылдын 27-ноябрында көмүрдүн жана нандын бааларына мониторинг жүргүзүштү.
Мониторинг учурунда Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Күмүш-Азиз айылында жайгашкан наабайканада 280 граммдык тандыр нанды 35,00 сомдон сатып, белгиленген баадан 7,00 сомго жогору сатып жаткандыгы аныкталды.
Белгиленген максималдуу баадан жогору сатып жаткан наабайканага КР “Укук бузуулар” Кодексинин 290-беренесинин 1-пунктуна ылайык 3000 (үч миң) сом айып пул салынды.
Көмүрдүн баасы туруктуу жана жетиштүү көлөмдө, негизсиз жогорулатпоо боюнча сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.