Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы “Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” №455 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 3-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан), нан азыктарына (тандыр нан) бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” №129 буйругунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн (мындан ары–Бөлүм) 2023-жылдын 9-октябрындагы №4/27 буйругу менен, Ош облусунун аймагында сатылуучу биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан), нан азыктарынын (тандыр нан) чекене жана дүн баасынын жогорку чектик денгээли белгиленди. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө максатында, 2023-жылдын 1-декабрь күнү Бөлүмдүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ноокат райондук администрациясынын жана салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Ноокат районунун аймагында нан жасоочуларга жана нан сатуучуларга, биринчи сорттогу буудай унунан жасалган бөлкө жана тандыр нандын чекене жана дүң баасынын жогорку чектик денгээли белгиленгендиги жөнүндөгү буйруктун аткарылышына мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг учурунда, Ноокат районунун Ноокат шаарында 3 нан жасоочу жайга белгиленген баадан жогору сатып жаткандыгы үчүн 3000 сомдон 9000 сом айып пулдар салынды.