Кызматтын Чүй облустук бөлүмү нан (бөлкө нан) жана нан азыктарына (тандыр нан) белгиленген максималдуу дүн жана чекене бааларына мониторинг жүргүзүштү
22.12.2023Макулдашылган тарифтердин тизмеси 2023-жыл.
25.12.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн 2023-жылдын 25-октябрындагы №12 буйругуна ылайык Баткен облусунун аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли 90 календарлык күндүк мөөнөткө белгиленген.
2023-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен шаарындагы көмүр сатуу түйүндөрүнө мониторинг жүргүздү.
Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө Сүлүктү көмүрүнүн “БР” маркасынын максималдуу деңгээли ээленгени 1кг – 9,50 сомдон, ээленбегени 1 тн. – 9 000 сомдон, ал эми “БК” маркасынын ээленгени 1 кг. -11,0 сомдон белгиленгени жөнүндө маалыматтар айтылып, көмүр сатуучу ишкерлерге кышкы жылуулук берүү мезгилинде көмүрдүн мамлекеттик белгиленген баасында туруктуу кармоо жана негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Андан сырткары биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан) жана тандыр нандын бааларына да мониторинг жүргүзүлдү.
Учурда 415-430 гр. бөлкө нан чекене баада 25 сомдон, тандыр нандар салмагына жараша чекене баада 220-260 гр. 20 сомдон, 235-295 гр. 25 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды. Түшүндүрүү иш чаранын негизинде 6 жеке ишкерлерге белгиленген баадан жогорулатып сатпоо боюнча эскертүүлөр берилди.