Бишкек шаарында көмүр баалары туруктуу
05.02.2024Бишкек шаарындагы конуштарда көмүр жетиштүү
05.02.2024Бишкек жылуулук станциясындагы авариялык кырдаалга байланыштуу, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери жана Бишкек шаарынын райондук администрацияларынын кызматкерлери менен биргеликте бүгүн, 2-февраль күнү «Дордой», «Аламүдүн», «Ортосай» жана «Ош» базарларында электр жылыткычтардын саткан ишкерлерге жана базардын жетекчилерине баалардын көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Бааларды, ошондой эле керектөөчүлөр үчүн товарлардын жеткиликтүүлүгүн кармап туруу максатында жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө бөлүмдүн кызматкерлери сатуучуларды Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын так сактоого жана бааларды жогорулатпоого чакырды.
Азыркы мезгилде базарларда эч кандай тартыштык жок. Сатуучулар КР колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын сактоого, бааны жогорулатпоого милдеттендирилди.