Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы (мындан ары – Кызмат) коюлган максат жана милдеттерине ылайык, 2023-жылдын иш планына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин чечимдерине ылайык, 2023-жылда төмөндөгү иштерди аткарды:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин программаларын, жалпы мамлекеттик жана Кыргыз Республикасынын улуттук программаларын/долбоорлорун ишке ашырууга катышуу
Отчеттук мезгилде монополияга каршы саясатты ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган төмөнкү 13 стратегиялык документтердин алкагында ишке ашырылган:
Мамлекеттик стратегиялык документтердин жана улуттук программалардын жоболору/нормалары Кызматтын 2023-жылга карата иш планында чагылдырылган.
Жогорудагы документтердин аткарылышы жөнүндө тиешелүү отчеттор Кызмат тарабынан белгиленген мөөнөттө тиешелүү мамлекеттик органдарга берилген. 2023-жылы 78 отчет жөнөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесин ишке ашыруунун алкагында Кызмат 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын товардык рынокторундагы атаандаштыктын абалы жөнүндө жылдык отчетту даярдап, Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын тарабынан бекитилип, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлгөн жана Кызматтын сайтына жайгаштырылган.
КР ЭКМ не караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2024-жылга иш планы (2023-жылдын 25-декабрындагы № 168) жана Талдоо планы (2023-жылдын 25-декабрындагы № 167) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын буйруктары менен бекитилген.
Монополияга каршы жөнгө салуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, жарнама жана метрологиялык көзөмөл чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү
Кыргыз Республикасынын монополияга каршы Мыйзамдарын, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана жарнама жөнүндө Мыйзамдарды, ошондой эле метрологиялык көзөмөлдү өркүндөтүү максатында, Кызмат 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги (мындан ары – ЭКМ) менен бирдикте төмөнкү иштерди жүргүздү:
1. “Баа түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу максатында, КРнын төмөнкү ченемдик укуктук актыларынын долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2023-жылдын 11-апрелинде кол коюлуп, 2023-жылдын 18-июлунан тартып күчүнө кирген:
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрында кабыл алынган № 455 “Социалдык жактан маанилүү товарларга болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” токтому менен бекитилет:
– Кыргыз Республикасынын ички рыногунда бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон социалдык жактан маанилүү товарлардын тизмеси;
– социалдык жактан маанилүү товарларды мамлекеттик жөнгө салуунун тартиби.
5. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жөнөтүлдү.
6. КР ЭжКМ буйругу менен түзүлгөн “Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” КРнын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жана жөнгө салуучулук таасирине талдоо жана жүргүзүү боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топтун алкагында иштер жүргүзүлдү. Жыйынтыгында, аталган мыйзам долбооруна КР Президенти тарабынан 2023-жылдын 8-августунда кол коюлган.
7. Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзам долбооруна 2023-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгон.
Аталган Мыйзамды ишке ашыруу максатында, Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө мониторинг жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомунун долбоорун даярдап, КР ЭКМне жөнөтүлдү.
8. “Атаандаштык жөнүндө” жана “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. ЖСТТ жүргүзүү боюнча жумушчу топтун курамына кызматтын эксперттери киргизилген.
9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты тарабынан демилгеленген “Чийки сүттүн сатып алуу бааларын жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору каралган. Тиешелүү аналитикалык материалдар сунушталып, макулдашылган долбоорду Кыргыз Республикасынын Президентинин сын-пикирлерин эске алуу менен, ЖСТТ жүргүзүү боюнча жумушчу топтун курамына эксперттер киргизилген.
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан монополияга каршы Мыйзамдардын бузулушуна жол бербөө максатында, отчеттук мезгилде макулдашууга киргизилген 142 ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзүлдү.
Мамлекеттик жөнгө салуу
– Табигый монополия субьектилери Монополиялык ишмердикке жол бербөө жана чектөө максатында 2017-жылдын 13-февралындагы № 6 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын табигый монополия субъекттеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү боюнча иштер жүргүзүлдү.2023-жылдын 31- декабрына карата чарба жүргүзүүчү субъекттердин жалпы саны 81 бирдикти түзөт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 380 «2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 725 токтому менен ишкердик субъекттерине пландуу текшерүүлөр демилгеленген эмес.
«Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 токтому менен бекитилген «Мамлекет жѳнгѳ салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө» жобого ылайык, төмөнкүдөй иштер аткарылган:
«Кыргыз почтасы» ААК:
Эсептик материалдарын кароонун жыйынтыгы менен Кызматтын 2023-жылдын 28-мартындагы № 10 буйругу менен «Кыргыз почтасы» ААК тарабынан республиканын чегинде көрсөтүлүүчү почта байланышынын баалары (тарифтери) белгиленген. Тарифтер нарктын негизги статьялары боюнча чыгашалардын өсүшүнө байланыштуу жогорулатуу менен макулдашылган. Белгилей кетсек, тарифтер 2019-жылдан бери карала элек.
«Кыргыз почтасы» ААК тарабынан берилген эсептик материалдарын кароодо негизсиз (Мыйзамда каралбаган) жалпы суммасы 74 732 640 сомдук чыгаша статьялары боюнча чыгашалар алынып салынган.
Негизсиз чыгымдарды алып салууну эске алуу менен «Кыргыз почтасы» ААК тарабынан сунушталган долбоорлук тарифтеринин деңгээли төмөндөө жагына Кызмат тарабынан кайра каралып чыкты. Долбоордук деңгээлден төмөндөө 15,6%дан 17,02%га чейин өзгөрдү.
2023-жылдын 22-мартында Кызматтын аянтчасында мамлекеттик органдардын, керектөөчүлөрдүн, коомдук бирикмелердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн, көз карандысыз эксперттердин жана табигый монополиялардын субъекттеринин катышуусунда тарифтердин долбоорлорун коомдук талкуулоо болуп өттү.
«Кыргызтелеком» ААК:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 токтому менен бекитилген Мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу чарбакер субъекттердин товарларына (иштерине, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык 2023-жылдын 29-июнунда «Кыргызтелеком» ААК тарабынан сунушталган «Телефон үчүн абоненттик төлөм» кызматына тарифтердин долбоорун коомдук талкуулоо болуп өткөн. Тарифтер Кызматтын 2023-жылдын 5-июлундагы №30 буйругу менен бекитилген.
Негизсиз чыгымдарды алып салууну эске алуу менен, «Кыргызтелеком» ААКнын долбоордук/сунушталган деңгээлинен «абоненттик төлөмдөрдүн» төмөндөшү боюнча тарифтер төмөндөгүлөрдү түздү:
– жеке жактар үчүн – 54,5% (сунуш кылынган деңгээл 199,98 сом), же сом менен алганда – 108,98 сомго;
– юридикалык жактар үчүн – 30,5% (сунуш кылынган деңгээл 199,98 сом), же сом менен алганда – 60,98 сомго.
Монополисттин жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун камсыз кылуу максатында юридикалык жактарга «телефон үчүн абоненттик төлөм» кызматына жана «жалпы пайдалануудагы тармакка кирүүнү камсыз кылуу (орнотуу) кызматына тариф мурдагы деңгээлде калтырылды.
Мындан тышкары, «телефон үчүн абоненттик төлөм» кызматына тарифтер мурдагыдай эле областтык, райондук борборлор, шаарлар жана шаарлар боюнча бөлүнбөй белгиленет.2019-жылдан бери тарифтер карала элек.
2023-жылдын 6-сентябрындагы Кызматтын № 43 буйругу менен “Радиорелейлик магистралдардын, телекөрсөтүү жана радионун республикалык өндүрүштүк бирикмеси”ААКнун жөнгө салынуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча жана жалпысынан башка ишмердүүлүгү боюнча кирешелердин, чыгымдардын өзүнчө эсебин жүргүзүү методикасы макулдашылган.
Кызматтын 2023-жылдын 27-декабрындагы №76 буйругу менен “КТЖ УК” МИнин Эсеп саясаты бекитилген.
Ошондой эле, аймактык бөлүмдөр тарабынан суу менен камсыздоо жана канализацияга тарифтерди белгилөө маселеси боюнча коомдук талкуулар Бишкек шаарындагы – 3 суб. жана Жалал-Абадда – 10 суб., Ошто – 5 суб., Чүйдө – 7 суб., Нарында – 20 суб. жана Ысык-Көлдө – 3 суб., Баткенде-1 суб., Таласта – 1 суб. менен өткөрүлүп, тарифтер белгиленди.
Отчеттук мезгилде республика боюнча акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө 11470 (тариф) макулдашылган.
Отчеттук кварталда аткаруу бийлигинин органдарына жана аларга караштуу мекемелерге акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр боюнча 231 текшерүүлөр жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кызматтын коллегиясы монополияга каршы мыйзамдарды бузуу менен алынган 68 039 856 сом кирешени республикалык бюджеттин пайдасына өндүрүү жөнүндө, жана 2 342 762 суммасына кайра эсептөө жүргүзүү чечимдерин кабыл алган.
3. 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча макулдашуу иштери жана Кызматтын буйругу менен төмөндөгүлөр аткарылды:
1. Жашыруун иш кагаздарын жүргүзүүнүн алкагында, Мамлекеттик резервдер фонду тарабынан сатылган 2-сорттогу унга болгон баа макулдашылды.
2. Кыргыз Республикасынын ИИМ ЖКККББ «Техникалык багыттагы борбору» мамлекеттик ишканасы тарабынан мажбурлап эвакуациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифи макулдашылды.
3. «Учкун» ААКсы мамлекеттик маанидеги документтерге, атайын мамлекеттик бланктарга, окуу китептеринежанаөзү жүрүүчү технологиялык машинанын жана трактордун техникалык паспортунун баалары макулдашылган;
4. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн сатылып алынган азык-түлүк буудай данынын сатып алуу баасы 1 килограмм үчүн – 23 сом белгиленген.
5. ММРФ тарабынан укук коргоо органдарына, башка бюджеттик уюмдарга, ошондой эле айылдык товар өндүрүүчүлөргө сатуучу дизелдик отундун баасы 330 000 (үч жүз отуз миң) литр өлчөмүндө 65,0 сом/л деңгээлинде Кызмат тарабынан аныкталган.
8. Кытайда жасалган кум шекер үчүн баалар 80 сом/кгдан 70 сом/кг чейин жана кайра каралып 70 сом/кгдан 67 сом/кг чейин төмөндөтүлгөн.
9. Кыргыз Республикасынын ИИМ ЖКККББ «Техникалык багыттагы борбору» мамлекеттик ишанасы тарабынан эвакуацияланган автотранспорт бирдигин адистештирилген токтотуучу жайда сактоонун тарифи макулдашылды.
Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын сактоо
«Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу фактылары боюнча отчеттук мезгилде жеке жана юридикалык жактардан 40 арыз (даттануу) каралып, Мыйзам бузууларды жоюу талабы менен 25 жазма эскертүү берилип, 15 арыз ыктыярдуу негизде четтетилген.
«Атаандаштык жөнүндө» мыйзамдын 11-беренесине ылайык кайра уюштурууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө 25 чарбакер субъекттердин арыздары каралды. Кызматтын 2017-жылдын 13-февралындагы №7 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк кылуучу абалды ээлеген чарбакер субъекттердин Мамлекеттик реестрин жүргүзүү боюнча иштери жүргүзүлдү. 2024-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк кылуучу
абалды ээлеген ишкердик субъекттеринин мамлекеттик реестрине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттердин жалпы саны 103тү түзөт.
Экономикалык жана статистикалык байкоо жүргүзүү үстөмдүк абалды ээлеген субъекттеринин ишине жүргүзүлөт. Монополияга каршы Мыйзамдардын ченемдерин бузуулар аныкталса, учурда тиешелүү чаралар колдонулат.
Экономикалык жана статистикалык байкоонун алкагында төмөнкүдөй иштер аткарылды:
Кум шекер рыногу
Отчеттук мезгилде Кызмат үстөмдүк абалды ээлеген субъекттер «Кайыңды-Кант» ААКсы, «Кошой» ААКсы менен республиканын калкын жеткиликтүү баада социалдык мааниге ээ товар болуп саналган кум шекер менен камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзгөн.
2023-жылдын 1-февралында «Кайыңды-Кант» ААКсы, «Кошой» ААКсы, «Умай Групп» ЖЧКсы (Народный, Глобус, Достор), «Азия Ретейл» ЖЧКсы (Фрунзе), «Торговый Дом «Яр-Марка» ЖЧКсы, Оптомаркет «Шекер», «Рейтейл Холдинг» ААКсы (Боорсок), «Боорсок Инвест» ЖЧКсы (Алма) жана «К.М.Компания» ЖЧКсынын (КИВИ) ортосунда Кызматташуу келишимине кол коюлган.
Бул Келишимге ылайык, эсептик биллинг системасы бар соода тармактар лоялдуулук картасы аркылуу бир колго күнүнө 1 кг чеги менен 78 сом/кг чекене баада, 1 кг жогору 85 сом/кг баада сатышат. Биллинг системасы жок соода тармактарында кум шекер 85 сом/кг ашпаган баада сатылат.
Бул Келишимдин алкагында, эсептик биллинг системасы бар соода тармактар лоялдуулук картасы аркылуу бир колго суткасына 1 кг чеги менен өндүрүүчүлөрдүн дүң баасына 2 сом/кг чекене баада, 1 кг жогору 7 сом/кг баада сатышат. Биллинг системасы жок соода тармактарында кум шекерди чекене баада, өндүрүүчүлөрдүн заводдорунун дүң баасына 5 сомдон/кг ашпаган үстөк менен сатышат.
Макулдашуу Келишимден келип чыккан милдеттенмелерди өзүнө алууга даяр болгон чекене тармактардын кошулуусу үчүн ачык.
Күйүүчү майлоочу материалдар рыногу (КММ)
Жумушчу жолугушуулар жана отурумдар туруктуу негизде өткөрүлдү, анын жыйынтыгында ички рынокту толтуруу жана баа жагдайын турукташтыруу боюнча тиешелүү сунуштар киргизилди, нефтетрейдерлерге, мындан ары да чектөө жана туруктуу баа саясатын жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кызмат Кыргызстандагы нефтетрейдерлер менен иштөөнүн жаңы механизмин сунуштап, ишке киргизди.
2023-жылы Кызмат менен нефтетрейдерлердин АИ-92 үлгүсүндөгү бензин жана дизель майы сыяктуу социалдык маанилүү товарлар рыногу боюнча биргелешкен ишинин олуттуу натыйжасы болуп, 2023-жылдын 13-декабрындагы Кызматташуу жөнүндө келишим түзүлгөндүгү жана нефтетрейдерлер тарабынан социалдык жоопкерчиликти көрсөтүү менен:
• тышкы факторлорду жана монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш болгон ички саясатын эске алуу менен мунайзаттын баасын жана калк үчүн физикалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга;
• мунай продуктуларын сатууда керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын бузууга жол бербөө;
• мунай продуктуларынын зарыл запастарын камсыз кылуу жана алардын ички рынокто тартыштыгын болтурбоо.
Түзүлгөн Макулдашуунун алкагында Кызмат анын аткарылышын туруктуу негизде көзөмөлдөп турат.
Чийки сүт сатып алуу рыногу:
Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттердин мамлекеттик реестрине Чүй жана Талас облустарынын аймактарында сүт сатып алуучу 5 субъект кирет:
– Чүй облусунда «Үмүт и К» ЖЧКсы;
– Талас облусунда «Талас Сүт» ЖАК, «Арашан» ААК, «Талас Даамы» ЖЧКсы жана «Эмилия» ЖЧКсы.
Кызмат тарабынан сүттү сатып алуу бааларын түз мамлекеттик жөнгө салуу жүргүзүлбөйт.
Бирок, чийки сүттү сатып алуунун арзандыгы боюнча арыздар көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, Кызмат Чүй облусунун жана Талас облусунун фермерлери менен бир катар жумушчу жолугушууларды өткөрдү, ошондой эле сүттү сатып алуунун бардык дыйкандардан заводдорго чейин чынжырында түзүлгөн баалар боюнча маалымат даярдаган.
Кызмат рыноктун катышуучулары менен сүттү сатып алуу баалары боюнча бардык тараптардын кызыкчылыгын эске алуу менен макулдашуу/меморандум түзүү маселесин жергиликтүү бийликтин көзөмөлүндө кароону сунуштаган, бирок бул сунуш колдоо тапкан жок.
Тиешелүү сунуштар даярдалып, Кызматтын жетекчисинин тапшырмасы боюнча жергиликтүү аймактык бөлүмдөр тарабынан үстөмдүк кылуучу субъектилер жана чийки сүт өндүрүүчүлөр менен сатып алуу баасын негизсиз өзгөртүүгө жол бербөө, ошондой эле стабилдештирүү боюнча жергиликтүү бийлик органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлдү.
Көмүр рыногу:
Көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу 2023-жылы эки жолу киргизилген:
1). Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-ноябрындагы «Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» № 594 токтому 90 күн аралыгында көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. 2022-жылдын 3-ноябрынан тартып 2023-жылдын 3-февралына чейин.
Жогорудагы белгиленген Токтомду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги «Социалдык маанидеги товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» №242 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы кызматынын аймактык түзүмдөрү тарабынан стационардык пункттарда, отун базаларында жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан атайын бөлүнгөн жерлерде сатылуучу ата мекендик көмүргө баалардын максималдуу деңгээли облустардын, райондордун, Бишкек жана Ош шаарлары үчүн бөлүнүп белгиленген.
2023-жылдын 3-февралына карата, бааларды мамлекеттик жөнгө салуу алкагында Кызмат тарабынан аткарылган иштердин жыйынтыгы менен 386 кыдыруулар болуп, көмүр сатуу менен алектенген 1372 субъектилер камтылган, Мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча 579 билдирүү жана бузууларды токтотуу боюнча 140 эскертме берилген жана 35 айып салынган, эреже бузуулар негизинен көмүрдүн белгиленген баасын ашыра көтөрүүгө байланыштуу болгон.
Мамлекеттик жөнгө салуу мезгилинде Кызматтын кызматкерлери тарабынан 82 000 сом өлчөмүндө айып салынган.
2). Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 55 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 133 буйругунун негизинде, көмүрдүн баасын жөнгө салуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. 2023-жылдын 25-октябрынан тартып, Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу 90 күндүк мөөнөткө киргизилген. Көмүр рыногунда мамлекеттик жөнгө салуу 2024-жылдын 25-январында аяктайт.
Кызмат тарабынан, Кыргыз Республикасынын облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында көмүрдүн баасынын максималдуу деңгээли белгилеген:
Региондор боюнча көмүрдүн баасы сатуу пунктунун өндүрүш жеринен (карьерден) алыстыгына жараша, б.а. сатуу жерлерине жеткирүү жана аны казып алуу ыкмаларын (шахта ыкмасы, Ысык-Көл районундагы Жыргалаң шахтасында жана Баткен областындагы Сүлүктү шахтасында кол менен казып алуунун эң кымбат ыкмасы, же Кара-Кече кениндегидей ачык жол менен кен казуу), сактоо жана сатуу шарттарынан көз каранды. Бишкек шаарында, Чүй жана Талас облустарында Казакстанда өндүрүлгөн көмүрдүн баасы Ата Мекендик көмүрдөн кымбат сатылууда. Бул жеткирүүчүлөрдүн баасына жана темир жол ташууларына тарифтердин жогорулашына байланыштуу. Казакстандын көмүрү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 6,2 миң сомдон сатылууда (жүктөөнү кошкондо). Өздүк наркына жеткирүүчүлөрдүн баасы, темир жол менен жеткирүү жана сатууга кеткен чыгымдар кирет.
Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында (Аламүдүн районунда 1- пункт) “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы менен түзүлгөн келишимге ылайык, көмүр 4,7 миң сомдон төмөнкү даректер боюнча сатылууда:
«Кыргыз Көмүр» МИ менен «Кыргыз Темир Жолу» УК МИ темир жол аркылуу көмүр ташуу келишими түзүлгөн. Калктын социалдык жактан аярлуу катмарына тоннасына 4,7 миң сомдон көмүр сатылууда: Кара Кече разрезиндеги баа жана жеткирүү. Кайра сатуудан жана алып-сатарлыктан алыс болуу үчүн бир кишиге 3 тоннага чейин чектөө киргизилген.
Кызмат белгиленген баалардын колдонулушун көзөмөлдөйт, көмүр сатуу чөйрөсүндө иш алып барган чарбакер субъекттердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.2023-жылдын
жыйынтыгы менен 337 кыдыруулар болуп, 1151 субъектилер камтылып, 94 эскертме берилген, 36 айып пул салынып, өндүрүлгөн.
Мындан тышкары, Кызмат Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 220 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомунун 5-пунктуна ылайык”, төмөнкү иштерди аткарды.
1. “Кыргызкөмүр” МИ тарабынан берилген тизмеге ылайык, Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ишканаларын камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын көмүр казып алуу ишканаларына көмүрдүн баасы белгиленген:
№ | Аталышы | сом/тн |
1. | «Ак-Жол комур» ЖЧКсы | 1662 |
2. | «Шарбон» ЖАКы | 1730 |
3. | «Кыргызкомур» МИсы | 1740 |
4. | «Бурана плюс» ЖЧКсы | 1668 |
5. | «Пандж-Шер» ЖЧКсы | 1715 |
6. | «Нарын Кен» ЖЧКсы | 1710 |
7. | «Разрез Мин-Куш» ЖЧКсы | 1728 |
8. | «Коал Энтерпрайзез» ЖЧКсы | 1730 |
9. | «Разрез Узун Булак» ЖЧКсы | 1730 |
10. | «Ю енд Ми Ко» ЖЧКсы | 1680 |
11. | «Атай Групп» ЖЧКсы | 1680 |
12. | «Monisa» («Мониса») ЖЧКсы | 1632 |
13. | «Тегене» ЖЧКсы | 1600 |
2. Көмүрдү автоунаа менен ташуу үчүн тариф төмөнкү каттамдар боюнча 3,55 сом (т/км) өлчөмүндө белгиленди;
№ | Каттам |
1. | Кара-Кече – «Рыбачье» ТЖ станциясы |
2. | Кара-Кече – Нарын |
3. | Кара-Кече – Балыкчы |
4. | Кара-Кече – Каракол |
5. | Кара-Кече – Токмок |
6. | Кара-Кече – Кант |
7. | Кара-Кече – Бишкек |
8.9. | Кара-Кече – Беловодское |
10. | Кара-Кече – Кара-Балта |
11. | Кара-Кече – Талас |
12. | Миң-Куш – «Рыбачье» ТЖ станциясы |
13. | Миң-Куш- Нарын |
14. | Миң-Куш-Балыкчы |
15. | Миң-Куш-Каракол |
16. | Миң-Куш-Токток |
17. | Миң-Куш – Кант |
18. | Миң-Куш – Бишкек |
19. | Миң-Куш-Беловодское |
20. | Миң-Куш-Кара-Балта |
21. | Миң-Куш-Бишкек (Кара-Балта аркылуу) |
22 | Миң-Куш-Талас |
3.Көмүрдү автоунаа менен ташуу үчүн тариф төмөнкү каттамдар боюнча 3,75 сом (т/км) өлчөмүндө белгиленди:
№ | Каттам |
1. | Таш-Көмүр – Бишкек шаарынын ЖЭБи |
2. | Таш-Көмүр – Кара-Балта |
3. | Таш-Көмүр – Майлуу-Суу |
4, | Таш-Көмүр – Ош |
5. | Таш-Көмүр –Жалал-Абад шаары |
6. | Таш-Көмүр – Таш-Комур (Тегене бөлүмү – Шамалдысай шаарчасы) |
7. | Кок-Янгак-Джалал-Абад |
4. Көмүрдү автоунаа менен ташуу үчүн тариф төмөнкү каттамдар боюнча 2,37 сом (т/км) өлчөмүндө белгиленди:
№ | Каттам |
1. | Өзгөн – Кара-Балта |
2. | Алай – Кара-Балта |
3. | Өзгөн-Таш -Көмүр |
4. | Өзгөн – Майлуу -Суу |
5. | Өзгөн – Жалал-Абад |
6. | Өзгөн – Ош |
7. | Өзгөн – Кызыл-Кыя |
2,31-3,02 сом (т/км) өлчөмүндө белгиленди:
№ | Каттам | Тариф |
1. | Сүлүктү – Кара-Балта | 2,31 сом т/км |
2. | Сүлүктү – Ош | 2,83 сом т/км |
3. | Сүлүктү – Кызыл-Кыя | 3,02 сом т/км |
№ | Каттам |
1. | «Кыргызнефтегаз» – Джалал-Абад |
2. | «Кыргызнефтегаз» – Ош |
3. | «Кыргызнефтегаз» – Кочкор-Ата |
4. | «Кыргызнефтегаз» – Майлуу-Суу |
5. | «Кыргызнефтегаз» – Талас |
6. | «Кыргызнефтегаз» – Орловка |
7. | «Кыргызнефтегаз» – Кара-Балта |
8. | «Кыргызнефтегаз» – Беловодск |
9. | «Кыргызнефтегаз» – Кант |
10. | «Кыргызнефтегаз» – Балыкчы |
11. | «Кыргызнефтегаз» – Чолпон-Ата |
7. «Кыргызнефтегаз» ААКму үчүн Ош шаарыныне ТЭЦине жана «Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасынын филиалдарына жеткирүү үчүн “М-100” маркасындагы мазуттун баасы 18 690,0 сом/тонна деңгээлинде белгиленди.
8. Балыкчы шаарынын жүктөө-түшүрүүчү участкасында көмүрдү темир жол транспортуна кайра жүктөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын сунуштаган материалдары (эсептөөлөрү) боюнча 200,54 сом/тонна өлчөмүндө белгиленген.
Государственный контроль за соблюдением законодательства в сфере защиты прав потребителей
Отчеттук мезгилде керектөөчүлөрдүн 516 кайрылуусу/арызы каралып, аларды кароонун жүрүшүндө 368 Мыйзам бузуу аныкталып, 305 ыктыярдуу түрдө четтетилген, 131 жазма эскертүү берилген, анын 118 аткарылган, административдик айып салынган – 14 (төлөндү).
Отчеттук мезгилде арыздарды кароонун жыйынтыгы боюнча керектөөчүлөргө жалпысынан 4 162 629 миң сом кайтарылган.
«Жарнама жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузууга жол бербөө
Монополияга каршы органдын демилгеси боюнча 218 мониторинг жүргүзүлүп, 34 кайрылуу/арыз каралды. Мониторингдин жана арыздарды кароонун жыйынтыгы менен 112 жазма эскертме берилип, анын 80 аткарылды. 32 айып салуу (төлөндү) жөнүндө токтом чыгарылган.
Жарнаманы жайылтууда жана жайгаштырууда бузуулардын эң кеңири таралган түрлөрү болуп «Жарнама жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 7, 16, 20-беренелеринин ченемдерин бузуу саналат (жарнамага карата жалпы талаптар, анык эмес жарнама, товарлардын айрым түрлөрүн жарнамалоонун өзгөчөлүктөрү, жарнаманы чыгарууда, жайгаштырууда жана таратууда жашы жете электерди коргоо,жарнаманы чыгаруу жана жайылтууда, жарнамада мамлекеттик тилдин жоктугу).
Кызмат жыл ичинде Бишкек шаарындагы ишкердик субъекттеринин арасында, Кыргыз Республикасынын «Жарнак жөнүндө» Мыйзамынын нормаларын жана жарнамалык маалыматтарды таратууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын сактоо зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Түшүндүрүү иштерине камтылган чарбалык субъекттердин жалпы саны 826. Жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөр берилген чарба субъектилеринин саны 377.
2023-жылы Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» Мыйзамынын нормаларын бузгандыгы үчүн 968 500 сом өлчөмүндө административдик айыптар салынган.
Кызматтын контролдук иш-чараларды өткөрүүдөн республикалык бюджеттин кирешесине чегерүүлөр боюнча маалымат
Көрсөткүчтөр | 2020-жыл | 2021-жыл | 2022-жыл | 2023-жыл |
Контролдук иш-чараларды өткөрүүдөн чегерүүлөр | 151 224 934 | 168 404 217 | 172 063 160,28 | 141 459 862 |
Керектөөчүлөр менен кайрадан эсептешүүлөр | 6 584 400 | 15 261 539 | 16 680 646 | 16 540 416 |
Баардыгы | 157 809 334 | 183 665 756 | 188 743 806,28 | 158 000 278 |
Социалдык жактан маанилүү азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларынын рыногу (СЖМТ)
Монополияга каршы орган тарабынан бааларды турукташтыруу максатында алдын алуу мүнөзүндөгү төмөнкү иш-чаралар туруктуу негизде өткөрүлүүдө:
– социалдык жактан маанилүү товарлардын бааларына жума сайын мониторинг жүргүзүү.
– СЖМТ рынокторундагы баа жагдайы боюнча аналитикалык иштер, башка өлкөлөрдүн СЖМТга карата тажрыйбасын изилдөө. СЖМТ боюнча иш ЕЭКтин алкагында да жүргүзүлүүдө.
– бааларды кармап туруу жана аларды негизсиз жогорулатууга жол бербөө маселелери боюнча СЖМТ өндүрүүчүлөрү (анын ичинде доминант субъекттери)/жеткирүүчүлөрү жана ири соода тармактары менен жумушчу жолугушууларды уюштуруу жана өткөрүү.
– «жумшак укукту» колдонуу менен иштөө – эскертүү берүү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 “Социалдык маанидеги товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” токтомун ишке ашыруунун алкагында, Кызматтын 2023-жылдын 3-октябрындагы № 118 буйругу менен мониторинг жүргүзүү үчүн СЖМТ дын тизмеси жана аны ишке ашыруу тартиби бекитилген.
Бардыгы болуп отчеттук мезгилде республика боюнча 408 жумалык СЖМТга баа мониторинги жүргүзүлүп, жумалык мониторинг боюнча 51 жыйынтыктоочу маалымат даярдалган, анын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга 17 сунуштар киргизилген (сарымсак, КММ, дан жана ун, өсүмдүк майы, сүт, пластик, көмүр, жумуртка ж.б.).
2023-жылы Кызмат рыноктун бардык катышуучулары (алып келүүчүлөр, өндүрүүчүлөр, соода тармактары жана жеке соода тармактары) менен төмөнкүдөй түрдө СЖМТнын баасын тегиздөө боюнча Келишимдерди түзүү боюнча ишин улантууда:
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Монополияга каршы органы жана ун өндүрүү тармагынын ишканаларынын ортосунда рынокту сапаттуу буудай уну жана жеткиликтүү баада мал үчүн тоют менен толтурууга, ошондой эле республиканы ун менен камсыз кылуу боюнча ун чыгаруучу ишканалардын милдеттенмелери, ундун жана нандын баасын тегиздөөгө багытталган кызматташуу жөнүндө Келишимге кол коюлду.
Ошондой эле, 2022-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган буудайга жана унга нөлдүк КНСтин мөөнөтү узартылды.
Келишимге ылайык, Кызмат ун комбинаттарындагы дандын жана ундун запастарына жана алардын бааларына, ошондой эле ун жана дан базарларындагы жалпы кырдаалга жана Кыргыз Республикасына жеткирүүгө мониторинг жүргүзөт.
Республикадагы ун комбинаттары ассоциациясынын маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын 19-декабрына карата, 30 ун чыгаруучу ишкана бар. Орус буудайынын сатып алуу баасы Турксиб (Луговая) ДАПта 19,5 рубль/кг. Ташуу жана тушуруу иштерин эсепке алганда ишканада дандын өздүк наркы 20,3 сом/кг. Кыргыз Республикасынын ун тартуучу ишканаларынын 1-сорттогу унга учурдагы дүң сатуу баасы орточо 28,8 сом/кг.
Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын Ун комбинаттары ассоциациясы 2023-жылдын декабрь – 2024-жылдын январь айларындагы бааларды 2023-жылдын октябрь-ноябрь айларындагы баа деңгээлинде калаарын болжолдоодо.
Кызматтын аймактык бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлгөн рыноктук чекене баалардын мониторинги төмөндөгүдөй.
Республика боюнча орточо рыноктук чекене баалар (сом/кг)
1 сорттогу** таразага тартылган ун | 2 сорттогу** таразага тартылган ун | Кебек** | |
Январь 2022ж. | 36,6 | 28,2 | 22,3 |
Февраль 2022ж. | 36,7 | 28,1 | 22,3 |
Март 2022ж. | 38,9 | 29,6 | 22,5 |
Апрель 2022ж. | 40,6 | 31,4 | 23,6 |
Май 2022 ж. | 40,6 | 31,4 | 22,4 |
Июнь 2022 ж. | 43,6 | 31,6 | 21,3 |
Июль 2022ж. | 45,1 | 31,9 | 20,7 |
Август 2022 ж. | 44,2 | 31,8 | 20,0 |
Сентябрь 2022ж. | 43,8 | 31,8 | 19,4 |
Октябрь 2022 ж. | 43,6 | 31,5 | 20,1 |
Ноябрь 2022 ж. | 43,5 | 31,5 | 19,8 |
Декабрь 2022ж. | 43,0 | 31,6 | 20,4 |
Январь 2023ж. | 42,6 | 31,5 | 20,9 |
Февраль 2023ж. | 42,1 | 31,4 | 21,0 |
Март 2023ж. | 41,3 | 31,5 | 21,4 |
Апрель 2023ж. | 40,0 | 31,1 | 21,8 |
Май 2023ж. | 38,5 | 29,9 | 22,0 |
Июнь 2023ж. | 37,7 | 29,1 | 22,4 |
Июль 2023ж. | 37,3 | 29,0 | 21,2 |
Август 2023ж. | 37,0 | 29,0 | 21,1 |
Сентябрь 2023ж. | 41,0 | ||
Октябрь 2023ж. | 36,5 | ||
Ноябрь 2023ж. | 35,9 | ||
1-13 декабрь 2023ж. | 35,9 |
* Ушул жылдын октябрына чейинки жергиликтуу жана импорттук өндүрүштөгү ун, ушул жылдын октябрынан тартып – жергиликтүү өндүрүлгөн ун.
** Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы №455 “Социалдык маанидеги товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” токтому менен 2-сорттогу ун жана кебек социалдык маанидеги товарлардын тизмесинен чыгарылган.
Кошумчалай кетсек, 2024-жылга карата, Кыргыз Республикасынын Ун комбинаттары ассоциациясы менен ушундай эле кызматташуу Келишими түзүлөт.
Нан рыногу
Биринчи сорттогу ундан жасалган буудай нанына (бөлкө нан), нан азыктарына (тандыр нан) бааларды мамлекеттик жөнгө салуу
2023-жылдын сентябрь айында байкалган биринчи сорттогу ундан (бөлкө нан) жана нан азыктарынан (тандыр нан) жасалган буудай нанына баалардын негизсиз жогорулашына байланыштуу, калк үчүн нан өзгөчө социалдык маанилүү товар экендигин эске алып, Кызмат тарабынан нанга болгон бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу демилгеленген.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 токтомун, КР ЭКМнин 2023-жылдын 3-октябрындагы №129 буйругун ишке ашыруунун алкагында, Кызмат, Кыргыз Республикасынын облустарынын жана Бишкек жана Ош шаарларында биринчи сорттогу ундан (бөлкө нан), нан азыктарынан (тандыр нан) жасалган буудай нанына дүң жана чекене баалардын максималдуу деңгээлин белгиледи.
Мамлекеттик жөнгө салуу мезгилинде, Кызмат тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, салык органдарынын жана ички иштер органдарынын кызматкерлерин тартуу менен белгиленген баалардын сакталышын камсыздоо боюнча контролдук иш-чаралар жүргүзүлдү.
Ошондой эле, биринчи сорттогу ундан (бөлкө нан), нан азыктарынан (тандыр нан) жасалган буудай нанына чекене жана дүң соода чөйрөсүндө иш алып барган чарбакер субъекттердин арасында, аларга баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөө максатында, Кызмат тарабынан күн сайын контролдук иш-чаралар жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдө.
Кызмат 2023-жылдын 5-октябрынан тартып мамлекеттик жөнгө салуу мезгилинде, 2024-жылдын 5-январына чейин 436 текшерүүлөргө чыгып, анын ичинен 2032 субъектти камтып, 88 эскертме берилип, 56 айып пул салынган.
Отчеттук мезгил ичинде рыноктордогу, анын ичинде СЖМТ базарларындагы жагдайга серептөөлөр жүргүзүлдү, атап айтканда:
– 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча нан (нан азыктары) рыногундагы кырдаалга баа берүү жана өндүрүштүн өздүк наркын түзүү;
– социалдык жактан мааниге ээ товарлардын рынокторундагы кырдаал боюнча аналитикалык маалымат (СЖМТ);
– 2023-жылдын 25-январына карата пияз рыногундагы кырдаал жана жыл ичиндеги баанын өзгөрүү динамикасы жөнүндө маалымат;
– 2023-жылга КНСтин нөлдүк ставкасын узартуу боюнча дүйнөлүк кырдаалды жана эксперттик болжолдоолорду эске алуу менен дан, ун, өсүмдүк майы рыногундагы кырдаалга баа берүү;
– Кыргыз Республикасындагы негизги социалдык маанилүү товарларга болгон керектөөлөрү жөнүндө маалымат (9 позиция);
– ЕАЭБ өлкөлөрүндө күн карама өсүмдүк майын өндүрүү;
– республиканын аймактары боюнча чийки сүттү сатып алуу жөнүндө маалымат;
– 2023-жылдын 14-мартына карата тооктун жумурткасын сатуу рыногундагы абал жөнүндө маалымат;
– эт рыногундагы кырдаал жөнүндө маалымат;
– пластмасса идиштерди жана полиэтиленди колдонууну чектөө жолу менен «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун («Ысык-Көл» ЭПС) сактоо, пайдалануу жана өнүктүрүү жөнүндө маалымат;
– 2023-жылдын 15-майына карата ун азыктары рыногундагы кырдаалга баа берүү;
– сүттү сатып алуу рыногундагы кырдаалды турукташтыруу боюнча сунуштар жана сүт азыктарынын өздүк наркынын калыптанышы боюнча маалыматтар;
– балмуздак сатуу рыногундагы кырдаалга баа берүү;
– «Coca Cola Bishkek Bottlers» ЖАК продукциясынын рыноктук бааларынын өзгөрүшү жөнүндө маалымат (Coca Cola, Fanta ж.б.);
– калкка турмуш-тиричилик кызматын көрсөтүү рыногундагы кырдаалга баа берүү;
– чийки сүттү сатып алуу жөнүндө маалымат;
– көмүр жана күйүүчү-майлоочу материалдар рыногундагы кырдаалды кароо;
– жаңгак сатуу рыногундагы кырдаалга баа берүү;
– автомектептердин кызмат көрсөтүү рыногундагы кырдаалга баа берүү;
– патрон өндүрүшүнүн металл калдыктарын сатуу боюнча кырдаалга баа берүү.
Ошондой эле, жума сайын КР ЭКМ не канттын, өсүмдүк майынын, күйүүчү-майлоочу материалдардын жана көмүрдүн рынокторундагы запастары боюнча жана СЖМТга рыноктук чекене баалардын мониторинги боюнча маалымат берилип турат.
Ошондой эле, минералдык жер семирткичтер рыногундагы кырдаалга жана минералдык жер семирткичтердин орточо рыноктук чекене бааларына жума сайын баа берилип турат.
Отчеттук мезгилде республика боюнча 8430 субъектиге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Өндүрүүчүлөр, нефтетрейдерлер, соода түйүндөрү, импорттоочулар жана жеткирүүчүлөр менен 91 жумушчу жыйындар өткөрүлдү.
Метрологиялык көзөмөл
Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарын (метрологиялык көзөмөл), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин даярдоо эрежелерин сактоону контролдоо жана көзөмөлдөө.
Кызматтын чечимдеринин аткарылышы боюнча 2023-жылы метрологиялык ченемдерди жана эрежелерди бузуу фактылары боюнча юридикалык жактардын жана жарандардын кайрылууларынын негизинде 110 контролдук текшерүү жүргүзүлгон. Иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, республикалык бюджетке 1 114 000 сом түшүрүлгөн.
Кызмат тарабынан, төмөнкү темаларда 31 тегерек столдор өткөрүлдү:
– “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө”;
– «Май куюучу жайларды текшерүүгө кабыл алынган өзгөртүүлөр боюнча тактоо»;
– Бишкек шаарындагы №4 мектепте Бишкек шаарындагы жалпы билим берүүчү мектептердин өкүлдөрүнүн катышуусунда, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» деген темада.
– Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча;
– Ысык-Көлдү сактап калуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө;
- Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө.
Ошондой эле, Кызмат тарабынан «ЦУМ», «Ош базары» соода комплекстеринде жана 21 соода түйүндөрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелиндеги №205 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык спецификациясын бекитүү жөнүндө» токтомунун талаптарын түшүндүрүү жана маалымат берүү максатында иш-чаралар өткөрүлдү.
Отчеттук мезгилде Ысык-Көл аймагында, дүң жана чекене соода менен алектенген 373 ишкерге жана 30 пансионатка Ысык-Көл облусунда полимер пленкадан жасалган баштыктарды сатууга жана колдонууга чектөөлөрдү киргизүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
1392 мамлекеттик мекемелерде маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
КТРК, НТС жана ЭЛТР телеканалдарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорунун техникалык спецификациясына коюлган талаптар боюнча мамлекеттик жана расмий тилдерде видеоролик көрсөтүү иштери улантылууда.
Эл аралык кызматташтык
Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) менен өз ара аракеттенүүнүн алкагында отчеттук мезгил ичинде ар кандай маселелер боюнча 180 кеңешмелерге (видеоконференцияларга) катышкан.
– ЕАЭБ жөнүндө Келишимдин жоболорун өркүндөтүү;
– трансчек аралык рыноктордо атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуу жөнүндө арыздарды (материалдарды) кароо боюнча Тартиптин долбоорун кароо;
– трансчек аралык рыноктордо иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча Тартиптин долбоорун кароо;
– Атаандаштыктын абалына талдоо жүргүзүү методикасына жана айыптарды аныктоо методикасына өзгөртүүлөрдү киргизүү;
– ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин монополияга каршы мыйзамдарында каралган блоктук алып салуулар жана комплаенс механизмин киргизүү маселелери каралды;
– улуттук мыйзамдардын чегинде эскертүү берүү маселелери боюнча;
– улуттук мыйзамдардын чегинде ЕЭКтин жүйөөлүү сунушун аткаруу.
– кайрылуудагы атаандаштыктын жалпы эрежелеринин ченемдери бузулган учурдагы жоопкерчиликтен бошотуу;
– чек ара базарларындагы атаандаштыктын абалы жөнүндө Жылдык отчетту даярдоону жакшыртуу.
Комиссия кеңешинин № 88 чечими менен, 2023-жылдын 29-августунда төрт актыга өзгөртүүлөр киргизилди:
1) Комиссиянын кеңешинин 2012-жылдын 23-ноябрындагы № 97 чечими менен бекитилген чек аралык рыноктордо атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуу жөнүндө арыздарды (материалдарды) кароонун тартиби.;
2) Комиссиянын кеңешинин 2012-жылдын 23-ноябрындагы № 98 чечими менен бекитилген, чек ара рынокторунда жалпы атаандаштык эрежелерин бузуу фактылары боюнча териштирүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби;
3) Комиссиянын кеңешинин 2012-жылдын 23-ноябрындагы № 99 чечими менен бекитилген чек ара рынокторунда атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуу жөнүндө иштерди кароонун тартиби;
4) Комиссиянын Кеңешинин 2023-жылдын 17-декабрындагы №118 чечими менен бекитилген Трансчек аралык рыноктордо атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптарды эсептөө ыкмасы жана тартиби.
Ошондой эле белгилей кетүүчү нерсе, Кызматтын эксперттери тарабынан эксперттик жолугушууларда жүргүзүлүп жаткан жана аткарылган билдирүүлөр, аракеттер жана аракетсиздиктер боюнча маселелерди изилдөө зарылчылыгы тууралуу суроолор берилип, тиешелүү сунуштар айтылды.
Учурда бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат: 1) Комиссиянын Кеңешинин 2013-жылдын 30-январындагы № 7 чечими менен бекитилген атаандаштыктын абалын баалоо методикасына
2) Евразия Экономикалык Комиссиясынын Кеңешинин 2012-жылдын 23-ноябрындагы № 98 чечими менен бекитилген трансчек аралык рыноктордо атаандаштыктын жалпы эрежелеринин бузулушуна териштирүүлөрдү жүргүзүүнүн тартибине;
3) Евразия Экономикалык Комиссиясынын Кеңешинин 2012-жылдын 23-ноябрындагы № 99 Чечими менен бекитилген чек аралык рыноктордо атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуу жөнүндө иштерди кароо тартибине;
4) Евразия Экономикалык Комиссиясынын Кеңешинин 2012-жылдын 17-декабрындагы № 118 чечими менен бекитилген Чек ара рынокторунда атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптарды эсептөө жана салуу тартибине.
2024-жылдын 23-январында ЕЭК Коллегиясында каралуучу иш-чаралар:
ЕАЭБ жөнүндө келишимде белгиленген атаандаштыктын жалпы эрежелеринин ченемдерин бузуу жөнүндө арыздарды кароонун алкагында комиссиянын отурумдарына Кызматтын эксперттери катышып, 19 арыз каралат. Белгилей кетсек, мыйзам бузуулардын көбү адилетсиз атаандаштык маселесине байланыштуу.Ошондой эле, ЕЭКтин бир катар чечимдери айрым субъектилерге маалымат бербегендиги үчүн кабыл алынган.
Австрия, Индия, Индонезия, Катар, Сингапур, БАЭ, Польша менен кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуулардын долбоорлорунда атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү маселелерин изилдөө боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын (ӨАК) сунуштары каралып, киргизилди.ӨАК га Кызматтын эксперттери катышышат.
Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңештин (МКСМК) жана МКСМКтын Биргелешкен иликтөөлөр боюнча штабынын алкагында иш алып барылды.
МКСМК тарабынан төмөнкү документтерди даярдоо жана кабыл алуу боюнча иштер жүргүзүлдү:
– «КМШга мүчө мамлекеттерде дары-дармектердин товардык рынокторун өнүктүрүү» баяндамасы.
– «Азыркы шарттарда социалдык мааниге ээ товарлардын айрым рынокторунда КМШга мүчө мамлекеттердин монополияга каршы органдарынын иши жөнүндө» отчет.
– «Санариптик рыноктордо монополияга каршы жөнгө салуу: Россия Федерациясынын тажрыйбасы» баяндамасы.
– КМШга мүчө мамлекеттердин санариптик рынокторунун катышуучуларынын ишинин типтүү принциптери жана стандарттары (мындан ары – Типтүү принциптер).
– «КМШга мүчө мамлекеттерде интеллектуалдык менчикке монополияга каршы мыйзамдардын колдонулушу» баяндамасы.
– «КМШга мүчө мамлекеттердин мыйзамдарындагы жана укук колдонуу практикасындагы адилетсиз атаандаштык институту» баяндамасы.
– КМШга мүчө мамлекеттердеги тарифтик жөнгө салуу темасы боюнча баяндама.
– КМШга мүчө мамлекеттердин монополияга каршы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу темасы боюнча баяндама.
Кызматтын төрагасы Дүйнөлүк банктын эксперттери менен жолугушту. Дүйнөлүк банктын эксперттеринин иш сапарынын максаты өлкөнүн экономикалык меморандумун даярдоонун башталышы менен байланыштуу. Дүйнөлүк банктын эксперттери тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында монополияга каршы мыйзамдардын аткарылышы боюнча суроолор берилди, атап айтканда, Кызматтын функциялары жана ыйгарым укуктары талкууланды.
2024-жылга КР ЭжКМне карагштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын эл аралык кызматташуусу боюнча иш-чаралар планы даярдалды.
Төрага Г.К. Асылбаева