Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования дарегине жарандардан кайрылуу арыз келген.
Анда Бишкек шаарындагы 9-кичи райондогу азык-түлүк саткан ири дүкөндө көп убакыттан Pos-терминалдын жоктугу жана сатуучу товардык чекти кардарларга ар түрдүү шылтоо менен бербей жатканы айтылган. Бул боюнча Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери бүгүн 2024-жылдын 6-февраль күнү айтылган даректеги дүкөндө тийиштүү иш-чараларды жүргүзүштү.
Дүкөн ээсине Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” мыйзамы тууралуу маалымат берилип, жыйынтыгында дүкөн ээси түшүнүк кат жазып, Pos-терминал орнотулду.