Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын сакталышы тууралуу Баткен шаарында тышкы жарнактарга мониторинг жүргүзүлдү
04.03.2024Ош медициналык колледждин студенттерине “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнүн тарыхы. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү керектөөчүлөрдүн укуктары жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жоопкерчилиги” атту темаларында окутуу лекциясы өткөрүлдү
05.03.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Г.К. Асылбаеванын буйругу менен 2024-жылдын 1-мартынан 31-мартына чейин “Керектөөчү жана ишкер өнүгүү үчүн ишеними” айлыгын өткөрүү боюнча кызматтын иш-чараларынын планы бекитилген. Аталган иш-чараларды аткаруу максатында, 2024-жылдын 4-март күнү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмү тарабынан Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун кызаткерлерине “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө” карата керектөөчүлөрдүн укуктары жөнүндө жана сатуучулардын, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн, өндүрүүчүлөрдүн жоопкерчилиги деген темада семинар өткөрүлдү. Семинарда Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун кызматкерлеринин көптөгөн сууроолоруна жооптор берилди. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”, “Жарнама жөнүндө” жана “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамдарынын талаптары боюнча талкуу жүргүзүлдү.