Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери 7-март күнү Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата “Тойота борборунда” эмгек жамаат менен жолугушуу өткөрдү
07.03.2024Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан социалдык маанилүү товарларга Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын базарында жана соода субъекттеринде, көмүр сатуучу, чөп сатуучу кичи базарларда мониторинг үргүзүлдү.
Бөлүм тарабынан сатуучулар арасында бааларды кармап туруу жана социалдык маанилүү товарларга баалардын алып-сатарлык өсүшүнө жол бербөө максатында түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, “Атаандаштык жөнүндө” жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Мониторингдин жүрүшүндө социалдык жактан маанилүү товарларга баалар туруктуу экендиги, запастар жетиштүү көлөмдө жана тартыштык байкалбагандыгы байкалууда.
Негизинен базардагы эттин жана чөптүн бааларына көнүл бурулду.
Чөп боюнча баалар арпа саман 200 сомдон ал эми чөп убактылуу сатыкка жок экендигин айтышты.