Ушул жылдын 16-мартында Баткен облусу боюнча социалдык инфраструктураларды, санитардык абалын жакшыртуу, аймактарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү жөнүндө үч айлык жарыялангандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмдүн кызматкерлери бөлүмдүн имаратында тышкы көрүнүшүн тартипке келтирүү үчүн ишембилик өткөрүлдү.
Ишембиликтин жүрүшүндө көчөдөгү арыктар тазаланып, бак-дарактар акталды. Имараттын айлана-тегереги тазаланып, көрктөндүрүү иш чаралары жүргүзүлдү.