Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Г.К. Асылбаеванын буйругу менен 2024-жылдын 1-мартынан 31-мартына чейин “Керектөөчү жана ишкер өнүгүү үчүн ишеними” айлыгын өткөрүү боюнча кызматтын иш-чараларынын планы бекитилген. Аталган иш-чараларды аткаруу максатында, 2024-жылдын 19-март күнү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмү тарабынан Кара-Кочкор жандандыруу жана калыбына келтирүү борборунун кызматкерлерине жана ошол жерде ден соолугун чындап жаткан жарандарга “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө” карата керектөөчүлөрдүн укуктары жөнүндө жана сатуучулардын, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн, өндүрүүчүлөрдүн жоопкерчилиги деген темада семинар өткөрүлдү.
Семинарда Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнүн тарыхы жана качан кабыл алынган таржымалы боюнча кеңири маалыматтар айтылды.
Кара-Кочкор жандандыруу жана калыбына келтирүү борборунун кызматкерлеринин жана ошол жерде ден соолугун чындап жаткан жарандардын арасында эң кызыктырган суроолор төмөнкүлөр болду: