2024-жылдын 28 – мартында “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата 1 айлык иш планынын” негизиндеКыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынТалас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Талас шаарынын мэриясынын Экономика жана турак жай коммуналдык чарба бөлүмүнүн кызматкерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жолугушу учурунда Талас шаардык мэриясынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын 53-беренесинин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 29-беренесинин “Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар” боюнча маалыматтар берилди.
Белгилей кетсек, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү, Талас шаарынын мэриясынын кызматкерлери менен биргелешкен иш-чараларды жүргүзүп, тыгыз иш алып барып келишет.