Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү 15-март дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата 1 (бир) айлык иш планынын негизинде 2024-жылдын 28-мартында керектөөчүлөрдүн укуктары мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө корголушу жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча КРнын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстар кызматынын Ысык-Ата филиалында жана Ысык-Ата районунун Калкты тейлоо борборунда (ЦОН) жетекчилеринин катышуусунда мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг төмөнкү багыттарда жүргүзүлдү:
Мониторингтин жыйынтыгында КРнын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстар кызматынын Ысык-Ата филиалында маалымат такталарында керектөөчүлөр үчүн жайгаштырылган кээ бир маалыматтардын жана баалардын прейскуранттары жоктугу аныкталды.
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” КРнын мыйзамынын талаптары боюнча керектөөчүлөр үчүн маалыматтар мамлекеттик жана официалдуу тилде болуусу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен маалыматтарды толуктап жайгаштыруу боюнча эскертилди.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү тарабынан калкка кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүндө мониторинг жүргүзүү дагы улантылат.