2024-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмү, социалдык маанилүү товарлардын баасын турукташтыруу боюнча иштерди күчөтүү максатында бөлүмдүн кызматкерлери жана Кадамжай шаарынын мэриясынын кызматкерлери менен биргеликте, Кадамжай шаарынын ири соода түйүндөрүндөгү социалдык жактан маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жыйынтыгында, сатуучуларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө жана Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча баалары төмөнкүчө:
– 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) 1 кг.30,00-36,00 сом;
– 2-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) 1 кг.24.00-26,00 сом;
– Уй эти 1 кг. 550,00 сом;
– Кой эти 1 кг.600,00 сом;
– Күрүч 1 кг.100,00-120,00 сом;
– Кум шекер (Кыргызстан) 1 кг 80,00-85,00 сом;
– Тазаланган өсүмдүк күн карама майы 1 л.120,00-130,00 сом;
– Жумуртка 10 даанасы 116-130,00 сом;
– Нан азыктары (тандыр нан) 1 кг.80,00-90,00 сом;
– Шифер 1 даанасы.450,00-460,00 сом;
– Цемент 1 кг.7,20-7,30 сом;
– Бензин А92 1 л.65,50 сом.
Жалпысынан жогоруда көрсөтүлгөн товарлардын баалары туруктуу таңкыстык жок.