Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата 1 (бир) айлык иш планынын негизинде 2024-жылдын 29-мартында №25 профессионалдык лицейде окуучулар жана мугалимдер менен жолугушуулар жүргүзүлдү.
Жолугушуу кызматкерлер тарабынан даярдалган презентация (слайд) көрсөтүү менен окуучуларга КРнын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптары, керектөөчү өз укугун кандай коргой алары жана керектөөчүнүн укугу тебеленгенде кайсыл мамлекеттик органдарга кайрылуу керектеги боюнча толук маалымат түшүндүрүлдү. Андан тышкаары окуучулар тарабынан берилген суроолорго толук маалыматтар берилди. Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын ишмердүүлүгүн көрсөтүү жана жайылтуу үчүн бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер жана Кызматтын ишмердүүлүгү, милдеттери, функциялары боюнча дагы толук маалыматтар берилди.