2024-жылдын 2-апрель күнү, Ош шаарынын борбордук көчөсү болгон Масалиев көчөсүндө “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы жана “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын сакталышы жана аткарылышы боюнча мониторинг (рейд) жүргүзүлдү.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөлөрү жана башка тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери тарабынан Жарнама жана Мамлекеттик тил Мыйзамдарынын талаптарына жооп бербеген ээлерине бир катар эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул иш-чаранын жүрүшүндө 36 обьект камтылды (сулуулук салону, авиакасса, кафе, дүкөн, жеке медициналык клиника,даарыканалар ж.б.).
Ошондой эле буга чейин тиешелүү көрсөтмөлөр жана эскертүүлөр берилген, ченемдик укуктук актыларды бузган, мыйзам талабына жооп бербеген эскилиги жеткен жарнамалар алынды.
Жогорудагыдай иш-чаралар белгиленген графике ылайык шаардын башка аймактарында уланат.