Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы №304 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы №300 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жөнүндө жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2017-жылдын 13-февралындагы №7 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын товар рынокторундагы үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субьекттердин мамлекеттик реестрине Кызматтын 2024-жылдын 3-апрелиндеги №15 буйругу менен төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
– “Республикалык реестри” 1-бөлүмүнүн 14-пунктундагы чарбакер субъект рынокто үстөмдүк абалды ээлеген товардын (жумуштун, кызматтын) аталышы толукталды;
– “Республикалык реестри” 1-бөлүмү кошумча 38, 39 жана 40-пункттары менен «Яндекс.Такси.Корп» ЖЧК, «DOS TEK GROUP» (ДОС ТЕК ГРУПП) ЖЧК жана «Юниверсал Бизнес Репорт» ЖЧК чарбакер субъектилери менен толукталды.