2024-жылдын 23-апрель күнү, Ош шаарынын Кызыл-Кыштак аймактык башкармалыгынын Курманжан-Датка көчөсүндө “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы жана “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын сакталышы жана аткарылышы боюнча мониторинг (рейд) жүргүзүлдү.
Мониторинг учурунда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөлөрү, муниципалдык менчик башкармалыгынын, “Кызыл-Кыштак” муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлери мыйзам талаптарына жооп бербеген ишкерлерге бир катар эскертүүлөрдү берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Бул иш-чаранын жүрүшүндө 268 обьект камтылып, буга чейин тиешелүү көрсөтмөлөр жана эскертүүлөр берилген, ченемдик укуктук актыларды бузган, мыйзам талабына жооп бербеген, терезелерге,эшиктерге чапталып эскилиги жеткен жарнамалар алынды.
Жогорудагыдай иш-чаралар белгиленген графике ылайык шаардын башка аймактарында уланат.