Ысык-Көл облустук бөлүмү 2024-жылдын 24-апрелинде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы базарларда жана соода түйүндөрүндө социалдык мааниге ээ болгон азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү.
Жазгы иштер, айдап , себүү башталганына байланыштуу минералдык жер семирткичтер – өсүмдүккө азык зат катары керектүү минералдык бирикмелердин базар баасындагы орточо баасы селитра – 30 сом, карбамид – 37.50 сом, аммофос-48 сомду түзөт.
Мониторингдин жүрүшүндө бөлүмдүн кызматкерлери сатуучуларга минералдык жер семирткичтердин жана азык-түлүктөрдүн баасын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.