Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2024-жылдын 14-мартындагы “Сүттүн сатып алуу баасын жөнгө салуу жөнүндө” №1950-VII токтомун аткаруу максатында Чүй облусунун аймагындагы сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын жана чийки сүттү сүт өткөрүүчү ортомчу ишкерлердин ишмердүүлүгүнө жеринен талдоо жүргүзүү үчүн 2024-жылдын 25-апрелинде Москва районунда жайгашкан “Ак-Сүт” ачык акционердик коомунун жетекчиси менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушуу төмөнкү багыттарды камтыды:
“Ак-Сүт” ишканасынын жетекчиси сезондук факторлорго байланыштуу чийки сүттүн өндүрүлгөн көлөмү көбөйүү менен, базистик майлуулугу төмөндөп жаткандыгынын себетеринен сүттүн сатып алуу баасы өзгөрүп жаткандыгын маалымдады. Ошол менен бирге өндүрүлгөн продукциялардын рыноктук баасынын төмөндөшү менен коншу мамлекеттерге экспорттоо кыйынчылыктарды туудуруп жаткандыгын кошо белгиледи. Жогорудагы маселелерди кароодо сүттү сатып алуучу ишкерлердин маалыматтары угулду. Жолугушуунун жыйынтыгында башка дагы сүттү сатып алуучу (заготовитель) жана сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын ишмердүүлүгүнө кошумча талдоолор жүргүзүлөт.