“Кызыл-Тоо-Таза-Суу” муниципалдык ишканасы тарабынаничүүчү суу менен камсыздоо кызматынын баасынын (тарифинин) прейскуранты макулдашылды
26.04.2024Кызматтын Чүй облустук бөлүмү тарабынан Чүй облусунун аймагындагы чийки сүттү сатып алуу баасы боюнча сүттү кайра иштетүүчү ишканалар жана сүт өткөрүүчү ортомчулар менен жолугушуу өткөрүлдү
26.04.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү 2024-жылдын 25-апрелинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча төмөнкү мамлекеттик мекемелерде мониторинг жүргүзүлдү:
- Москва райондук жалпы дарыгердик борбору;
- КР МК караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Москва филиалы;
- Москва районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы”
- Сокулук райондук жалпы дарыгердик борбору;
- КР МК караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Сокулук филиалы;
- Сокулук районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы”
Мониторинг төмөнкү багыттарда жүргүзүлдү:
- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары жана керектөөчүлөргө толук маалыматтардын болуусу;
- Кызмат көрсөтүүдө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштүн) камсыз кылуу боюнча.
Мониторингтин жыйынтыгында мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү үчүн арналган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) пайдалануу менен накталай эмес формада төлөө ыкмасы толук камсыз болбогондугу аныкталган мекемелерге Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 317-беренеси боюнча 5000 сом айып пул салынды жана эскертүүлөр берилди.