2023-жылдын 21-22-декабрында Россиянын Федералдык монополияга каршы кызматынын чакыруусу боюнча Кызматтын кызматкерлери санариптик рыноктордо атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү маселелери боюнча семинарга катышты. Диалог монополияга каршы ведомстволор ортосунда өз ара кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча иш-чаралардын алкагында Россиянын Федералдык монополияга каршы кызматынын (Москва ш.) аянтчасында өткөрүлдү.
Санариптик рыноктордо түзүлгөн мамилелерге карата монополияга каршы/атаандаштык мыйзамдарын колдонуу маселелери талкуунун негизги темалары болду.
Жолугушуулардын жүрүшүндө Россия Федерациясынын аймагынан тышкары катталган жана глобалдык рыноктордо ишмердик жүргүзгөн чарбакер субъекттердин монополисттик ишмердүүлүгүнө бөгөт коюунун өзгөчөлүктөрү, санариптик рыноктордогу атаандаштыктын абалын баалоого карата мамилелер менен байланышкан маселелер талкууланды.
Мындан тышкары, санариптик рыноктордо тартип бузууларга бөгөт коюу практикасына талдоо жүргүзүлдү, анын ичинде алар боюнча атаандаштык мыйзамдарды бузуулардын болушунун пайдасына жана алардын жоктугунун пайдасына чечимдер кабыл алынган бузуулардын негизги түрлөрү бөлүндү. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуу боюнча иштерди кароонун ачык мисалдары болуп Yandex, Google, Booking.com, Headhunter ж.б. эсептелет.
Россиянын Федералдык монополияга каршы кызматынын эксперттери Кыргыз Республикасынын Атаандаштык мыйзамдарына экстерриториалдуулук принцибин киргизүү зарылдыгын белгилешти. Улуттук мыйзамдарда мындай ченемдин пайда болушу товардык рынокторго санариптик платформаларга ээ болгон ири чет өлкөлүк компаниялардын катышуусу менен байланышкан иштерди кароого шайкеш мамилелердин алкагында укук колдонуу боюнча биргелешкен консультацияларды өткөрүүгө мүмкүндүк берет.
Семинардын жүрүшүндө ошондой эле финансылык кызмат көрсөтүүлөр рыногун монополияга каршы жөнгө салуу маселелери талкууланды.
Россиянын Федералдык монополияга каршы кызматынын эксперттери Россия Банкы менен жөнгө салуу сыяктуу куралдардын атап айтканда, Россия Банкы менен Россиянын Федералдык монополияга каршы кызматынын ортосундагы өз ара аракеттешүү жөнүндө макулдашуу аркылуу монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө иштерди кароодо биргелешкен комиссия түзүүнүн таасирдүүлүгүн баса белгилешти.
Мындай тажрыйба көрсөткөндөй, финансы рынокторунда атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча функцияларды монополияга каршы органга бекитип берүү керектөөчүлөрдү да, рыноктун катышуучуларын да ак ниет эмес атаандаштыктын көрүнүштөрүнөн коргоонун натыйжалуулугун олуттуу өлчөмдө жогорулатууга мүмкүндүк берет.