Кызматтын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Москва жана Сокулук райондорундагы мамлекеттик мекемелердин кызмат көрсөтүүдө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды камсыз кылуу боюнча мониторинг жүргүзүлдү
26.04.2024Баткен шаарында накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды камсыз кылуу боюнча мониторингдин жыйынтыгы
26.04.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2024-жылдын 14-мартындагы “Сүттүн сатып алуу баасын жөнгө салуу жөнүндө” №1950-VII токтомун аткаруу максатында Чүй облусунун аймагындагы сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын жана чийки сүттү сүт өткөрүүчү ортомчу ишкерлердин ишмердүүлүгүнө жеринен талдоо жүргүзүү үчүн 2024-жылдын 25-апрелинде Москва районунда жайгашкан “Ак-Сүт” ачык акционердик коомунун жетекчиси менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушуу төмөнкү багыттарды камтыды:
- чийки сүттүн сатып алуу баасы боюнча;
- чийки сүттү сатып алуучу ишкерлер (заготовитель) менен сүттү кайра иштетүүчү ишкананын ортосундагы келишимдер боюнча;
- өндүргөн продукциялардын өздүк нарктары жана запастары боюнча.
“Ак-Сүт” ишканасынын жетекчиси сезондук факторлорго байланыштуу чийки сүттүн өндүрүлгөн көлөмү көбөйүү менен, базистик майлуулугу төмөндөп жаткандыгынын себетеринен сүттүн сатып алуу баасы өзгөрүп жаткандыгын маалымдады. Ошол менен бирге өндүрүлгөн продукциялардын рыноктук баасынын төмөндөшү менен коншу мамлекеттерге экспорттоо кыйынчылыктарды туудуруп жаткандыгын кошо белгиледи. Жогорудагы маселелерди кароодо сүттү сатып алуучу ишкерлердин маалыматтары угулду. Жолугушуунун жыйынтыгында башка дагы сүттү сатып алуучу (заготовитель) жана сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын ишмердүүлүгүнө кошумча талдоолор жүргүзүлөт.