Кызматтын Чүй облустук бөлүмү тарабынан Чүй облусунун аймагындагы чийки сүттү сатып алуу баасы боюнча сүттү кайра иштетүүчү ишканалар жана сүт өткөрүүчү ортомчулар менен жолугушуу өткөрүлдү
26.04.2024Талас шаарында Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүүнүн эрежелери боюнча мониторинг жүргүзүлдү
26.04.2024Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы №869 “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 1-2-бөлүмүнүн негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2024-жылдын 25-апрелинде накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды камсыз кылуу боюнча “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Баткен облустук статистика башкармалыгы” мекемесинин райондук жана шаардык бөлүмдөрүнө мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө банктык төлөм карталарын,электрондук акчаны,эки өлчөмдүү штрихкод символун (мындан ары – QR-код) пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуулары үчүн арналган жабдуулары жок экендиги аныкталды.
Мониторингдин жыйынтыгы менен, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 317-беренесинин, 1-бөлүмүнө ылайык “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Баткен облустук статистика башкармалыгы” мекемесине 5000 сом айып пул салынды.