Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери керектөөчүлөр үчүн эң керектүү азык-түлүктөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана социалдык маанидеги тамак-аш азыктарына баанын негизсиз жогорулатылышына жол бербөө максатында Бишкек шаардык мэриясынын жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте 2021-жылдын 4-декабрында Бишкек шаарынын Нуркамал (12 мк.) жана Раззаков көчөлөрүндө өткөн жарманкелерде социалдык жактан маанилүү товарларды бөлүм тарабынан белгиленген баалар боюнча сатуу жаатында азык-түлүк сатуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн иштин алкагында бөлүмдүн кызматкерлери сатуучуларды Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын ченемдерин сактоого, сатылып жаткан товарларга бааларды көрсөтүүгө жана текшерүүдөн өткөн таразаларды колдонууну белгилешти.