Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына (мындан ары – Кызмат) химчистка карата чара көрүп берүү өтүнүчү менен «З.И.» (мындан ары – керектөөчү) аттуу жарандын кайрылуусу келип түшкөн.
Арызга ылайык, З.И. паластарды тазалоо кызматына кайрылган. Тазалоодон кийин керектөөчү тазалоонун сапаты начар экенин байкаган. Буга байланыштуу, керектөөчү акча каражатын кайтарып берүү талабы менен кайрылган. Керектөөчүнүн талаптары канааттандырылбагандыктан, керектөөчү өзүнүн керектөө укугун коргоо үчүн Кызматка кайрылган.
Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Мыйзамынын 38 – беренесинин негизинде Керектөөчү аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) кемчиликтери табылганда өз каалоосу боюнча төмөндөгүлөрдү талап кылууга укуктуу: аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) кемчиликтерин акысыз четтетүүнү, аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) баасын тиешелүү түрдө азайтууну, ошондой эле сапаттагы окшош материалдан башка буюмду акысыз даярдап берүүнү же ишти кайтадан аткарууну. Мында керектөөчү ага аткаруучу мурда берген буюмду кайтарууга милдеттүү, аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) кемчиликтерин өз күчү менен же башка бирөөлөр тарабынан четтетүүдө тарткан чыгымдарын өндүрүп берүүнү.
Кызмат тарабынан кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча керектөөчүгө 1 000 сом акча каражатын кайтарып берген.