2022-жылдын 4-февралында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Метрологиялык көзөмөл башкармалыгынын адистери жалпы билим берүүчү мектептердин жана гимназиялардын жетекчилери үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги жана герби жөнүндө «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору» деген темада презентация өткөрүп, атайын маалыматтык баракчаларды таратышкан.
Иш-чаранын алкагында Биринчи Май, Свердлов жана Ленин райондорунун аймагындагы жалпы 76 орто мектеп ошондой эле гимназиялардын жетекчилерине, мектептерде мамлекеттик символдордун туура орнотулушу боюнча фото жана видео маалымат жиберүү сунушу берилген.
Жыйынтыгында, 10 гана мектептин жетекчилери берилген сунуштарды аткарып, фото, видео отчетун жиберген. Калган мектептин директорлору Мамлекеттик символдорду алууда жана орнотууда маалыматтык тактоолорду эске албай, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын сунуштарын аткарган эмес.
Билим берүу мекемесинин жетекчилери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгүн бекитүү жөнүндө” №205 токтомунун талаптарын аткарган жок.
Жогоруда баяндалган иш-чаранын негизинде, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан, мектеп директорлоруна Кыргыз Республикасынын үлгүгө ылайык келбеген Мамлекеттик символикалары үчүн эскертүү берилет.