Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын “Интелмед” ЖЧКсына карата 05.02.2024-ж. №1 токтому мамлекеттик органдын компетенциясынын чегинде өлкөнүн колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында чыгарылган. Чечим Кызмат тарабынан акыркы 5 жылдагы лабораториялык изилдөөлөр рыногундагы атаандаштыктын абалын талдоонун негизинде чыгарылган. Анализ жүргүзүүдө 10го жакын лабораториянын иши изилденген.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ведомство алдындагы бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, “Интелмед” ЖЧКсы жана маалыматтар рыногунун башка катышуучулары берген маалыматтардын жана сандардын негизинде бааларды жана алардын экономикалык негиздемесин, Covid-19га ПЧР-тест ыкмасы менен лабораториялык диагностика кызматтарын ишке ашыруунун көлөмүн изилдөөнүн натыйжасында өзгөчө кырдаал мезгилинде үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъект тарабынан белгиленген кызмат көрсөтүүлөргө монополиялык жогорку баанын белгилери табылган.
Буга байланыштуу, Кызмат Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамын бузуу менен алынган кирешени “Интелмед” ЖЧКсынан өндүрүү жөнүндө токтом чыгарган. Өндүрүп алуунун суммасы “Интелмед” ЖЧКсынын акыркы 3 жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча аныкталган.
Кызматтын чечими административдик акт болуп саналат жана кылмыш-жаза мыйзамдарынын чегинде чыгарылган акт эмес.
Мамлекеттик органдын чечими менен макул болбогон субъект чечимге административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте, андан ары Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин ченемдерине ылайык сот тартибинде даттанууга укуктуу.
Субъекттин өзүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылуу укугу эч ким менен жана эч кандай жол менен чектелбейт.
Кызмат “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын жетекчиликке алып, өзүнүн ишинин алкагында кабыл алынган чечимдерди туруктуу негизде расмий сайтка жайгаштырат.
Кызмат өлкөнүн мыйзамдарынын чегинде гана иш жүргүзүп келген жана мындан ары да иш алып бара берет.