Ош шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды камсыз кылуу боюнча иш чараларын жүргүзүү боюнча мониторинги уланууда. Тагырагы 2024-жылдын 15-16-аперль күндөрү:
1. Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борбору;
2. Кыргыз Республикасынын Жер ресурстары кызматынын Ош филиалы;
3. Ош шаардык калкты тейлөө борборуна (инфоком) жүргүзүлдү.
Мониторингдин журушундө Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борбору жана Кыргыз Республикасынын Жер ресурстары кызматынын Ош филиалында банктык төлөм карталарын кабыл алуу үчүн арналган жабдуу POS-терминалдар бар экендиги аныкталды.
Ал эми Ош шаардык калкты тейлөө борборунда электрондук акчаны, эки өлчөмдүү штрихкод символун (мындан ары-QR-код) пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдуулары бар бирок POS-терминалдар жок экендиги аныкталды.
Жыйынтыгында Ош шаардык калкты тейлөө борборуна Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндөгү” Кодексинин 317-беренесинин 2-пунктуна ылайык 5000 сом айып пул салуу жөнүндө протокол толтурулду.