2024 – жылдын 16 – апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери (мындан ары – Талас облустук бөлүм) мамлекеттик кызмат көрсөткөн мекемелерде мониторинг жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Мониторингдин жүрүшүндө төмөнкү мамлекеттик мекемелерде накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн программалык-техникалык түзүлүштөрдүн жоктугу аныкталган :
Буга чейин Мамлекеттик мекеме жетекчилерине Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын 27-берененин талаптарын аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүү менен бирге – мыйзам бузуучулукту четтетүү боюнча аткаруу мөөнөтүн белгилөө менен көрсөтмө берилген. Ал эми Талас районунун жалпы дарыгердик практика борборуна талаптарды аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 317-бересинин 1-пунктуна ылайык 5000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.