Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү 2024-жылдын 16-апрелинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча төмөнкү мамлекеттик мекемелерде мониторинг жүргүзүлдү:
Мониторинг төмөнкү багыттарда жүргүзүлдү:
Мониторингтин жыйынтыгында Чүй облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, Аламүдүн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы, Ысык-Ата райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Аламүдүн райондук бөлүмүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү үчүн арналган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) пайдалануу менен накталай эмес формада төлөө ыкмасы толук камсыз болбогондугу аныкталды.
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” КРнын мыйзамынын 27-беренесинин талаптары боюнча керектөөчүлөр үчүн накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдуулардын (программалык-техникалык түзүлүштүн) болуусу керек. Мониторингтин жыйынтыгы менен жогорудагы мекемелерге тийиштүү эскертүүлөр берилди.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү тарабынан калкка кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүндө мониторинг жүргүзүү дагы улантылат.