Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы №869 “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 1-2-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды камсыз кылуу боюнча Ош облустук Рыспай Абдыкадыров атындагы филармонияга, Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрына жана Ош облустар аралык стоматологиялык борборуна мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны, эки өлчөмдүү штрихкод символун (мындан ары – QR-код) пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуулары үчүн арналган жабдуулары жок экендиги аныкталды.
Мониторингдин жыйынтыгы менен, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 317-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 3 мекемеге 5000 сом өлчөмүндө айып пулдар салынды.