2024-жылдын 29-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери (мындан ары – Талас облустук бөлүм) Талас облусунда жайгашкан сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 14- марттындагы №1950-VII сандуу “Сүттүн сатып алуу баасын жөнгө салуу жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык сүткө болгон сатып алуу баасын чийки сүттүн литрине 40 сомдон кем эмес белгилөөдө кыйынчылыктарды жана сунуштарын билдирди.
Андан тышкары:
Ø чийки сүттү сатып алуучу ишкерлер (заготовитель) менен сүттү кайра иштетүүчү ишкананын ортосундагы келишимдер боюнча;
Ø өндүргөн продукциялардын өздүк нарктары жана запастары боюнча ишкерлердин маалыматтары угулду.
Ошондой эле сезондук факторлорго байланыштуу чийки сүттүн өндүрүлгөн көлөмү көбөйүү менен, базистик майлуулугу төмөндөп жаткандыгынын себетеринен сүттүн сатып алуу баасы өзгөрүп жаткандыгын маалымдады.
Жолугушуунун жыйынтыгында өндүрүлгөн продукциялардын рыноктук баасынын төмөндөшү менен коншу мамлекеттерге экспорттоо кыйынчылыктарды туудуруп жаткандыгын кошо белгиледи. Ал менен менен бирге талас облустук бөлүмдүн башчысы тарабынан ишкерлерге Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө”, “Өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө” жана башка мыйзамдар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп өттү.