Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Каракол шаарында жайгашкан “Ак-Булак Плюс” сүттү кайра иштетүүчү ишканасынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүштү
07.05.2024Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында Ысык-Көл районунда жайгашкан пансионат жана башка эс алуучу жайларда , соода түйүндөрүндө жалпы мониторинг жүргүзүлдү
07.05.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Талас шаарындагы жарнама жайылтуучу ишкердик субъекттер арасында Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын нормаларын сактоо максатында мониторинг жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө төмөндөгү жайларда мыйзам талаптары сакталбай жаткандыгы аныкталган:
1. Манас көчөсүндө жайгашкан “Beauty Business” Япониянын косметолоия клиникасы;
2. Манас көчөсүндө жайгашкан “Аруузат” тиш дарылоо кызматы (стоматология);
3. Чубак Сатаев көчөсүндө жайгашкан “Яндекс GO” унаага буйрутма берүү кызматы (такси).
Жогоруда белгиленген жайларда Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын 5-беренсинин 3-пунктунун негизинде эскертүүлөр жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, аныкталган мыйзам бузуучулукту тез арада четтетүү боюнча эскертүүлөр берилди.